Шаардык сот Тенгиз Бөлтүрүктү 10-ноябрга чейин камакта калтырды

Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан учур. 3-октябрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаардык соту Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасы боюнча доо арызды карап, мурдагы чечимди күчүндө калтырды.

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда аны 10-ноябрга чейин камакта калтырган.

Тенгиз Бөлтүрүк Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында кармалууда.

Бөлтүрүк өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйбаган иш" деп атаган. Ошондой эле коррупциялык иштерди ага шылтоо негизсиз экенин "Азаттыкка" билдирген.

Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен Рыспек Токтогуловго чечим чыга элек.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Башкы прокуратура "Кумтөрдү" текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" августта текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

"Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.(AiB/ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда мобилизация жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталдыКыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар кантип курчуган?"Агрессивдүүлүккө Тоолуу Бадахшанда да күбө болгонбуз" Швециялык биолог Сванте Паабо Нобел сыйлыгын алды Чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлерге жеңилдик берилетУКМК милиция кызматкери чет элдик жарандан пара алууга шектелип кармалганын билдирди Украинанын армиясы Донецк облусунда алдыга жылып жатат