Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери пара алууга шектелип кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 3-октябрда кабарлады. Маалыматта шектүү чет өлкөлүк жаранды кылмыш жообуна тартып, камакка алынасың деп коркутуп, 150 миң сом пара талап кылганы белгиленген.
Атайын кызмат кармалган адам Биринчи май райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны К.Т.Б. экенин жазды.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.
ИИМ жана Бишкек шаардык милициясы бул маалыматка комментарий бере элек. (КЕ)
Дагы караңыз
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 58 медал уттуАктивистке орус элчилигинин алдында пикет өткөрүүгө уруксат берилген жок Тегеранда университеттин студенттери менен полиция кагылыштыЕреван Бакуну согуш кылмыштары үчүн айыптадыАба ырайы: жамгыр жаайт