Украинанын куралдуу күчтөрү стратегиялык Лиман шаарын кайтарып алгандан кийин аскерлери Донецк облусунда алдыга жылып жатканын билдирди.
Армиянын өкүлү Сергей Череватыйдын айымында, Лимандын жанындагы Торское айылы бошотулду, Луганск облусунда Кременная кыштагы үчүн кармаш уланууда, Херсон облусунда да чабуул коюп жатышат.
Ал арада украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 3-октябрда Орусия бир күн мурда 320 аскерин жоготконун билдирди. Көбү Краматорск жана Бахмутта окко учкан. Киев каршы тарап согуш башталгандан бери 60 миң 400 аскеринен айрылганын маалымдады.
Буга чейин орус коргоо министри Сергей Шойгу жоготуулардын саны 5 миң 937 экенин айткан.
Эки тараптын тең статистикасын текшерүү мүмкүн эмес.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин украин армиясынын согуш талаасындагы ийгиликтери Вашингтонду шыктандырганын билдирди.
Анын алдында украин президенти Владимир Зеленский Донбасстагы Лиман шаары толугу менен бошотулганын жарыялаган.
Харьковдогу жемиштүү контрчабуулдан кийин бул – украин армиясынын маанилүү ийгилиги болуп калды.
Дагы караңыз
Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар кантип курчуган?IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 58 медал уттуКөчмөндөр оюндары: Изниктеги эсте калган ирмемдер Активистке орус элчилигинин алдында пикет өткөрүүгө уруксат берилген жок Тегеранда университеттин студенттери менен полиция кагылышты