Салык кызматы өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, батирин же үйүн ижарага бергендер салык төлөөгө милдеттүү экенин билдирди. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өзү тандайт.
"Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот. Салык кызматы мүлктү ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө чакырат. Ошондой эле бардык жарандарды салык төлөбөй турак жайды ижарага бергендер тууралуу фактыларды билдирүүнү чакырабыз. (0312)613189, (0779)613189 (WhatsАpp) ишеним телефону аркылуу жана 116 номери боюнча, ошондой эле аймактык салык органдарына билдирүүгө болот. Салык төлөбөгөнү аныкталган учурда тиешелүү чара көрүлөт",-деп жазылган мекеме тараткан билдирүүдө.
Расмий маалыматка ылайык, быйыл сегиз айдын ичинде батирин же үйүн ижарага бергендер патенттин негизинде 33,9 миллион сом салык төлөдү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 миллион сомго көп.
Соңку кездери Кыргызстанга Орусиядан келген жарандар көбөйгөндүктөн айрыкча Бишкекте батирдин, үйдүн ижара акысы кымбаттап кетти.
Дагы караңыз
Акыйкатчы Еврошаркеттин өкүлүнө чек арадагы окуя тууралуу маалымат бердиГрекиядан Болгарияга азери газын өткөргөн газ кууру ишке кирдиБешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтмөй болдуИндонезия: стадиондогу тополоңдо мерт болгондордун саны 174кө жеттиДКО: Кыргызстан көкбөрүдөн Казакстанды 5:0 эсебинде утту