Индонезиядагы футбол беттешинде 120дан ашык адам каза болду

Индонезияда Ява аралындагы футболдук беттеш учурунда 127 адам каза болгонун жергиликтүү полиция билдирди. 180 адам ар түрдүү жараат алышты. Жеңилген команданын күйөрмандары футбол аянтчасына чуркап чыгышып, тыгында көбү тебеленип калган.

Индонезиянын Arema жана Persebaya Surabaya футбол командаларынын оюну Маланг шаарындагы Канжурухан стадионунда өттү. Arema 2:3 эсебинде утулганына нааразы болгон күйөрмандар футбол талаасына чуркап чыгышкан.

Полициянын тополоңду токтотуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгону абалды ого бетер курчутуп жиберген. Каза болгондордун арасында аялдар жана балдар, ошондой эле эки полиция кызматкери бар.

Индонезиянын футбол лигасы бир жумага ишин токтотту. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Дагы караңыз

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусун багындырыштыУкраин аскерлери Донецк облусундагы Лиман шаарына кирдиДКО: салттуу жаа атуудан кыргызстандык спортчулар үч байге алыштыКөк-Таш - Ак-Сай жолундагы көпүрөнүн курулушу аяктады