ДКО: Таяк тартыштан Кыргызстан үч алтын байге алды

Таяк тартыштан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болгон Келдибек Атайбек уулу (110 кг). Изник, Түркия. 30-сентябрь, 2022-ж.

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 30-сентябрда кыргызстандык спортчулар үч алтын, үч күмүш жана үч коло байгеге ээ болушту.

Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, экинчи мелдеш күнүндө кыргыз спортчулары спорттун беш түрүнөн: аба күрөш, май күрөш, таяк тартыш, салттуу жаа атуу жана ат үстүндө жаа атуу боюнча таймашты.

Таяк тартыштан (мас-рестлинг) эркектер арасында Азамат Асанов (70 кг), Келдибек Атайбек уулу (110 кг), кыз-келиндер арасында Дилбара Иманканова (75 кг) Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болушту. Күмүш байгени кыз-келиндер арасында Назия Майлибашева (75 кг), коло байгени эркектер арасында Бакдөөлөт Абылов (80 кг) менен Улукбек Ырыспаев (+110) алды.

Аба күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы үч байге алды. Ирлан Казыбек уулу (70 кг) менен Бактияр Кадырбек уулу күмүш байгеге ээ болсо, Шатман Эсенбек уулу (80 кг) 3-орунду ээледи. Май күрөш, салттуу жаа атуу жана ат үстүндө жаа атуудан жыйынтыктар кандай болгону азырынча белгисиз.

29-сентябрда башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат. Ага 102 өлкөдөн барган 3 миңдей спортчу катышууда.
Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.

Спортчулар ат оюндарында көк бөрү жана көкпар, күрөш боюнча - ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана жаа атуу боюнча мелдештерде күч сынашат. Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн таймаштар көрсөтмө оюндары катары өтөт. (ECh)

Дагы караңыз

ИИМ Бейшеналиев 37,5 миң долларды кайтарып бергенин билдирдиТИМ кыргыз жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырдыАлмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды АКШ, Британия, Канада аннексияга жооп кылып, Орусияга жаңы санкцияларды салды