Amnesty International Иранды нааразылыктарды “аёосуз” басып жатат деп айыптады

Ирандагы соңку нааразылыктар.

Amnesty International эл аралык уюму Ирандын бийлиги Махса Амининин өлүмүнөн кийин чыккан нааразылык акцияларын басуу үчүн өлүмгө алып келчү ыкмаларды колдонуп жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу укук коргоо мекемесинин 30-сентябрдагы билдирүүсүндө айтылат.

“Ирандын бийлиги репрессия кылуучу машинесин курчутуп алып, акцияга чыккандарды аёосуз уруп-сабап жатат. Көптөгөн адамдар өлүп, жарадар болушу мүмкүн жана ондогон адамдар кыйноого, сексуалдык зомбулукка кабылып, абакка түшүп калуу тобокелдиги жаралды. Ушул маалга чейин көпчүлүк курмандыктар коопсуздук кызматкерлеринин колунан өлдү. Аларды кадимки эле мылтыктар менен атып салышты”, – деп айтылат Amnesty International уюмунун билдирүүсүндө.

Лондондо жайгашкан Ирандагы адам укуктарын коргоо борбору (ICHRI – Iran Center Human Rights) масштабдуу нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны кеминде 83кө жеткенин маалымдады.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн 80 шаарларында тутанып, полиция менен кагылышуулар катталды. Демонстранттар курал кампаларын басып алып, өкмөттүк күчтөр менен атышып жатканы кабарланууда. Коопсуздук кызматкерлери да демонстранттарга каршы курал колдонуп жатат.

Акцияларда аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатышат. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар да болуп жатат. (ErN)

Дагы караңыз

Бекназаров Кумтөр боюнча коомдук комиссия түзүлгөнүн билдирдиБилим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Бейшеналиевди колдоп чыгыштыБаткенден Бишкекке эвакуация болгондор үйүнө кайтканы айтылды