1-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 11…16;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 11…16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 9…14, күндүз 17…22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15;
Нарын облусунда жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз да жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 13…15 градус болот.
Дагы караңыз
Запорожьеде гуманитардык колонна аткылоого кабылып, ондогон адам каза болдуАкылбек Жапаров: Баткенге жалпысынан 3 миллиард сом бөлүндү Жогорку сот Кадыр Досоновдун ишин кайра кароого жөнөттү Жеңил өнөр жай тармагынын экологияга таасири талкууланды