Кыргызгидромет кызматы 30-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт деп кабарлады. Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 17…22;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 15…20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6°.
Бишкекте жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 20…22°.