Бишкекте тигүү ишканалары үчүн электрондук коммерция тууралуу «Электрондук коммерция платформалары жана төлөм системалары" тренинги өттү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Эл аралык ITC соода борборунун Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасынан (GTEX) билдиришти.
Иш-чарага катышкан ишкерлер жана адистер сервистик уюмдардын электрондук коммерция боюнча ишмердүүлүгү менен таанышып, кардарлар менен иштөөдө колдонулуучу жаңы технологиялар жана каражаттар тууралуу кеңири маалымат ала алышты. Мындан тышкары, төлөм системаларынын мүмкүнчүлүктөрү, өндүрүлгөн продукцияны базарга алып чыгуунун ыңгайлуу жана натыйжалуу жолдору боюнча да сөз болду.
Digital 2020 маалыматы боюнча, дүйнөдө социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын саны төрт миллиардга чукулдаса, азыр бул көрсөткүч беш миллиардга жетти. Товарларды онлайн сатуу каналдарын аныктоо, баалоо жана маркетингде колдонуу бүгүнкү күндүн талабы болуп жатканын адистер белгилөөдө.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда кездеме жана тигүү тармагы өнөр жай өндүрүшүнүн 7,1 % түзөт. Тигүү фабрикаларынын жана цехтеринин көбү Ош, Бишкек, Каракол, Талас шаарларында жайгашкан. (RK)
Дагы караңыз
Акылбек Түмөнбаев өкмөт башчынын отставкасын талап кылды Кыргызстандык тикмечилер Москвада өткөн эл аралык көргөзмөгө катыштыБаткенде жаңылана турган имараттардын 22синин чыгымы эсептелдиСурабалдиева сексуалдык ыдык көргөн кыздардын ишин тергөөнү сындады