Украина Гостомелдеги массалык кыргын үчүн Росгвардияны айыптады

Гостомелдин көчөлөрү. Март айында тартылган сүрөт.

Украинанын Улуттук полициясы, Коопсуздук кызматы жана Башкы прокуратурасы Орусиянын Улуттук гвардиясынын Кемеров облусундагы жана Красноярск крайындагы кызматкерлерин Гостомел шаарындагы массалык кыргынга айыптады.

Украин укук коргоо органдарынын версиясына ылайык, 25-февралда Росгвардиянын кызматкерлери “Киевди басып алуу планын аткара албай калгандан кийин анын жанындагы Гостомел шаарын ээлешкен жана анда алты сааттан ашык жайкын тургундардын автоунааларын аткылаган”. Далил катары мекемелер видео камералар тарткан кадрларды жарыялады. Анда орусиялык аскерлер жол четине жашынып алып, өтүп бараткан машинелерди аткылаганы көрүнүп турат.

Украинанын күчтөрү Гостомелде жалпы 16 жайкын тургун өлгөнүн билдиришти. Дагы ондогон адамдар жараат алган.

Украинанын жалпыга маалымдоо каражаттары айып тагылган адамдардын аты-жөндөрү менен сүрөттөрүн жарыялады.

Орусиянын бийлиги жана кылмышка байланыштуу айып тагылган кишилер азырынча муну комментарийлей элек.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДЭР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛЭР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес. (ErN)

Дагы караңыз

Депутат Сатыбалдиевге таандык үйдүн дарбазасы сүрдүрүлдүАКШ Украинага дагы 18 HIMARS жапырт аткылоочу система берет УКМК Алтынбек Сулаймановдун кармалганын четке какты