Акылбек Түмөнбаев өкмөт башчынын отставкасын талап кылды

Акылбек Түмөнбаев.

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жоопкерчилиги тууралуу сөз кылды. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууга байланыштуу президент Садыр Жапаровго эле кайрыла бербей, өкмөт дагы жооп бериши керектигин айтты.

"Баткенге тажиктер кол салбай эле, парламент кол салгандай болуп өкмөт биз менен кармашып, бизге каршы сүйлөп, парламентти жаман көргөзгөнгө аракет кылып жатат. Бул жерде биз бир эле президентке кайрыла бербейли. Министрлер кабинетинин төрагасы ар бир министр үчүн жооп берет да. Ар бир министрди "ушул татыктуу, ушул тармакты жөнгө салат" деп коюп жатат. Бүгүнкү күндө министрлер акча алып кармалып жатат, камалып, иш козголуп жатат. Буга өкмөт башчы жооп бериши керекпи? Ал отставкага кетиши керек. Ошол эле Кумтөрдү жетектеп жаткан Тенгиз Бөлтүрүктү Акылбек Жапаров "бул үчүн мен жооп берем" деп отургузду эле. Бүгүнкү күндө ал киши элге маалымат бербесин деп камап отурушат",-деди Түмөнбаев.

Өкмөт башчы жана анын басма сөз кызматы бул дооматтарга азырынча жооп бере элек.

Акылбек Түмөнбаев Садыр Жапаровдун кудасы экени белгилүү.

Шаршембиде Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо парламенттин 28-сентябрдагы жыйынында атайын кайрылуу менен чыккан. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, аны өлкөдөгүсоңку жагдайга байланыштуу маалымат берүүгө чакырган жана президенттик башкарууга өткөнүнөн улам анын жоопкерчилигин белгилеген.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айып койгон.

25-сентябрда эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары жетишкен келишимге ылайык, Бишкек менен Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасында төрттөн (жалпы сегиз) постту алууга макулдашты.

Кыргызстан куралдуу кагылыштан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркка жакыны аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Дагы караңыз

Сурабалдиева сексуалдык ыдык көргөн кыздардын ишин тергөөнү сындадыЖКда министр Бейшеналиев кармалганынан улам маселе көтөрүлдү Бакасов: Нарында айрым тургундар Солтон-Сары кенин иштетүүгө каршы Султанбаев: Президент министр Бейшеналиев кармалганынан кабардар Москва: кыргыз элчилиги полициянын мигранттарга опузасын териштирүүдө АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Темировдун акталышын кубаттады АКШ Украинага дагы 18 HIMARS жапырт аткылоочу система берет ЖК чек арага байланыштуу кайрылуу кабыл алат