“ЖМК жөнүндө” жаңы мыйзам сунушталууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” (ЖМК) жаңы мыйзам кабыл алуу сунушталууда. 28-сентябрда мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Анда азыркы мыйзамды жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү, санариптеги, анын ичинде Интернеттеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин, жалпыга маалымдоо каражаттары тармагындагы бизнес жана экономикалык мамилелерди жөнгө салуу, эл аралык укуктук жагдайларды эске алуу зарылчылыгынан улам жаңы мыйзам кабыл алынышы керектиги белгиленди.

Долбоордун концепциясында жазылгандай, Интернет телекоммуникациялык түйүнүнө жалпыга маалымдоо каражаты деген макам ыйгарылып, азыркы мыйзамдын түшүнүк аппараты радикалдуу түрдө кайра каралып чыгууда, ЖМК ээси деген укуктук институт киргизилип жатат.

ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. 2021-жылдын январь айындагы референдумдан кийин Кыргызстанда жаңы Конституция иштеп баштаган.

Мыйзамдын жаңы долбоорун президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү иштеп чыкканын “Кабар” маалымат агенттиги билдирди. (RK)

Дагы караңыз

Баткен: чек арага байланыштуу чогулган эл менен бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүдөМадумаров Ташиевдин ЖКга эки жашик курал алып келгенин сындады ЕБ "Түндүк агым" газ куурундагы жарылууну кокустук эмес деп эсептейт"Кредитибиз бар". Мобилизациядан кача албаган мигранттар