Укук коргоочу Камил Рузиев Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгына суракка чакырылганын 28-сентябрда "Азаттыкка" маалымдады.
"Түптө зордуктоого кабылган оорукчан кыздын эжесине милиционерлер кысым көрсөтүп жатканы жөнүндө басылмалардын бирине айткан маалыматыма милиция түшүндүрмө алгысы келүүдө", - деди Рузиев.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Рузиев "коомчулукту адаштырып жатат" деп билдирди. Анын кысым тууралуу айтканын четке какты. Милиция укук коргоочуга түшүндүрмө алуу үчүн чакыруу жөнөтүлгөнүн тастыктады, бирок бул иштин Рузиевдин укук коргоочулук ишмердигине тиешеси жоктугун айтууда.
Камил Рузиев Караколдогу "Вентус" укук коргоо уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, аларга укуктук жардам берип келгени менен белгилүү.
Эки жыл мурун ал "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыккан. (SE)
Дагы караңыз
“ЖМК жөнүндө” жаңы мыйзам сунушталуудаБаткен: чек арага байланыштуу чогулган эл менен бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүдөМадумаров Ташиевдин ЖКга эки жашик курал алып келгенин сындады ЕБ "Түндүк агым" газ куурундагы жарылууну кокустук эмес деп эсептейт