Бир аптада Кыргызстанда 3,5 миңден ашуун орус жараны каттоого турду

Орусия менен Казакстандын чек арасындагы "Маштаково" бекетинде топтолгон жарандар. 22-сентябрь, 2022-жыл.

21-сентябрдан бери Кыргызстанда Орусиянын 3,5 миңден ашуун жараны каттоого турду. Санариптик өнүгүү министрлиги алар августта келгенин билдирди.

Эреже боюнча, Кыргызстанга келген орусиялыктар 30 жумушчу күнү аралыгында каттоосуз жүрө алышат. Андан соң алты айга каттоого турушат. Алты ай өткөндөн кийин же өлкөдөн чыгып кетүүгө, же каттоосун дагы жарым жылга узартууга милдеттүү.

Министрликтин эсебинде, быйыл сегиз айда Кыргызстанга келип, каттоого тургандардын саны 170 миңге чамалайт.

"Бул жаңы катталгандар менен кошо каттоосун узарткандардын жалпы эсеби экенин белгилейбиз", - деди министрликтин басма сөз катчысы Дамира Азимбаева.

2021-жылдын сегиз айында 141 орусиялык каттоого турган.

21-сентябрда жарыяланган мобилизацияга байланыштуу жүздөгөн орусиялыктар, негизинен эркектер жапырт өлкөдөн чыгып кетип жатышат. Мунун жыйынтыгында казак-орус чек арасында автоунаалардын бир нече чакырымга созулган кезеги пайда болду.

Орусиянын өзүндө мобилизацияга каршылык акциялары уланууда. Аларды полиция күч менен таратып, жүздөгөн адамдарды кармап кетти. ОВД-Инфо укук коргоо тобу билдиргендей, 26-сентябрга карата 2386 киши кармалды.

Маселе тууралуу Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков "мага азырынча эч нерсе белгисиз, буга байланыштуу чечим кабыл алына элек" деген комментарий берген. (SE)

Дагы караңыз

Кытайдын мусулмандарга жасаган катаал мамилесин БУУда талкуулоо сунушталдыАктивист Ырыс Жекшеналиевдин ден соолугуна байланыштуу кошумча анализ дайындалдыИжевск: мектептеги ок атуудан каза болгондор 17ге жетти