Орусиянын Ижевск шаарындагы мектепте 26-сентябрда болгон ок атуудан мерт кеткендердин саны 17ге жетти. Алардын 11и балдар. Удмуртия республикасынын жетекчилиги билдиргендей, окуяда 24 киши жаракат алды.
Кандуу каргашага байланыштуу Удмуртияда 29-сентябрга чейин аза күтүү жарыяланды.
Орусиянын Тергөө комитети кол салган адамдын тек-жайы аныкталганын, ал окуя болгон № 88 мектептин бүтүрүүчүсү, 34 жаштагы Артем Казанцев экенин маалымдады.
Ал мектепке кирип барып, алгач күзөтчүнү өлтүргөн. Андан кийин класстардын бирине кирип, туш келди ок чыгаргандан кийин өз өмүрүн кыйган.
№88 мектепте миңге чукул окуучу билим алат.
2021-жылы Казандагы гимназиялардын биринде Илназ Галявиев аттуу адам туш келди ок чыгарып, анда дагы тогуз киши набыт кеткен.
Дагы караңыз
Украинанын чыгышында айыгышкан салгылашуу улануудаТокаев эмиграцияга байланыштуу Орусия менен сүйлөшө турганын айтты Эл жазуучусу Самсак Станалиевге Түркияда эл аралык сыйлык тапшырылды