Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев Түрк мамлекеттери жана Түрк тили уюмдарынын Түрк дүйнөсү адабиятынын «Роман» номинациясында абройлуу эл аралык сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу маалымат 27-сентябрда Улуттук жазуучулар союзунун сайтына жарыяланды.
Анда айтылгандай, Түркияда «Тилде, пикирде, иште биримдик» аттуу ураан менен өткөн кароо сынакта Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка мамлекеттердин ар биринен бирден жазуучу жеңүүчү деп табылды.
Аталган иш-чара Түрк тили уюмунун юбилейине жана Түрк тили майрамынын 90 жылдыгына карата Бурса шаарында өттү.
“Сыйлык алгандарды эл аралык мекемелердин жана уюмдардын кароо сынагынын негизинде кылдат тандап алышты. Самсак Станалиев сыйлыкка бүтүндөй түрк адабиятын тарыхый-биографиялык жанрда көркөм-эстетикалык жактан бийик деңгээлдеги бараандуу романдары менен байыткандыгы үчүн татыктуу деп табылган” деп билдирди Жазуучулар союзу.
Самсак Станалиев Касым Тыныстанов тууралуу “Чагылгандын көз жашы”, Жоомарт Бөкөнбаев жөнүндө “Жылдын эң узак күнү” биографиялык романдардын жана Чыңгыз Айтматов тууралуу “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу роман-трилогияны жазган. (RK)
Дагы караңыз
Айтматовдун апасына аян түшкөнТергөөчүлөрдүн колуна кеткен ырларДанакер басма ишмери эле...“1937-жыл тарыхка таамай сайылган канжар болуп кирди”