Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму билдиргендей, Орусиянын Украинага кол салышынын дүйнө экономикасына тийгизген кедергиси күтүлгөндөн да оор болот. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Матиас Корманн билдирди.
«Энергетикалык жана азык-түлүк базарларына катуу сокку урулду. Инфляция кескин жогорулады, ал эми глобалдык экономикалык өсүш жайлады. Дүйнө Орусиянын Украинага каршы агрессиясы үчүн жогору баа төлөп жатат»,- деди ал.
Мурда уюм 2023-жылы глобалдык өсүү 2,8% өсөт деп боолголосо, азыр бул көрсөткүч 2,2% төмөндөдү. 26-сентябрда жарык көргөн баяндамага ылайык, айрым мамлекеттерде быйылкы инфляциянын көрсөткүчү 1980-жылдардан берки эң жогорку чекке жеткен.
Матиас Корманндын айтымында, 2023-жылы «Чоң жыйырмага» кирген кубаттуу мамлекеттерде инфляция 6,6% болот деп боолголонууда.
Дагы караңыз
Ирандагы толкундоолордо 60ка жакын киши өлгөнү кабарландыИжевскидеги мектептеги ок атуудан мерт кеткендердин саны 15ке жеттиНазарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды алты жылга кесилдиЮстиция министрлиги Рим статуту боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды