Италияда 25-сентябрда өткөн парламенттик шайлоодо оңчул-борборчул коалиция жеңишке жетти. Баарынан көп добушту "Италия агайындары" ашынган оңчул партиясы топтой алды. Эми анын лидери, 45 жаштагы Жоржиа Мелони өкмөт башына келсе, Италиядагы эң алгачкы аял премьер-министр болуп калышы мүмкүн.
"Италия агайындары" сексуалдык азчылыктардын баш кошуусуна каршы чыгып келет, ошондой эле мигранттарга каршы так саясаты бар.
Демократиялык партия башында турган солчулдар добуштардын 26%, ал эми «Беш жылдыз» кыймылы 15% алды.
Сенатка ошондой эле мурдагы өкмөт башчы Сильвио Берлускони да келди. 85 жаштагы саясатчы Миландын жака-белиндеги бир мандаттуу округдан жеңип чыкты.
Италияда июль айында башкаруучу коалиция чачырап, мурдагы премьер-министр Марио Драгинин кызматтан кетишине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланган.
Дагы караңыз
Президент Жапаров чек ара боюнча айтылган сындарга жооп бердиЧек арада курман болгон үч аскердин сөөгү "Ата Бейитте" жерге берилдиМобилизациядан улам миңдеген орусиялыктар Монголияга агылды