Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы сегиз чек ара постун алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Кыргыз өкмөтү түзгөн Медиа штаб кабарлагандай, мындай чечим Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун 25-сентябрдагы жолугушуусунда кабыл алынды.
Баткен районундагы “Кызыл-Бел” көзөмөл өткөрмө жайындагы жолугушууда кабыл алынган чечимдер менен кол коюлган протокол тууралуу Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат берди.
“Конфликтке алып келген негизги постторду алып салдык. Биринчиден, Тажикстан тараптан “Бедак”, Кыргызстан тараптан “Тамдык” чек ара посту толук алынат. Ал жерде аскер кызматкерлери да, жөнөкөй адамдар да болбойт. Экинчиден, Кыргызстандан “Булак-Башы”, Тажикстандан “Кех” бекети толук алына турган болду. Үчүнчү Тажикстандан “Карачикум”, Кыргызстандан “Катта-Туз” чек ара бекети алынат жана бир да аскер, жөнөкөй жарандар болбойт. Андан тышкары, Кыргызстандан “Дача”, Тажикстандан “Шаршара” посту алынат. Ошентип, эки өлкөдөн төрттөн пост алынып, мурдагы конфликттерди жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү”.
Камчыбек Ташиев мындан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишин тездетүү тууралуу сүйлөшүү болгонун кошумчалады.
Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Тажикстан да Кыргызстанга ушундай эле айып коюуда.
Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 62 жаранын жоготту, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу жеке булактарына таянып, каза тапкан 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.
Көз карандысыз булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн боло элек. (BTo)
Дагы караңыз
Кореядагы кыргыздар чек арадагы окуяга байланыштуу тынчтык акциясына чыгыштыБаткен: 81 миңдей жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайтуудаИрандын президенти демонстранттарга "чечкиндүү чара" көрүүнү айттыАба ырайы: күн ысык болотБишкектин көчөлөрүнө чек арада курман болгон жоокерлердин сүрөттөрү илиндиПутин мобилизациядан качкандарга жазаны катаалдаткан мыйзамга кол койдуБаткенден эвакуация болгон 200дөй жаран Ысык-Көлгө жайгаштырылды