Баткенден эвакуация болгон 200дөй жаран Ысык-Көлгө жайгаштырылды

Баткенден эвакуация болгондор.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кууралдуу кагылыш учурунда эвакуация болгондордун айрымдары Ысык-Көл районунун санаторий-пансионаттарына жайгаштырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, “Ак Бермет” пансионатына 20 адам, “Көгүлтүр Ысык-Көлгө” - 4, “СОС” балдар үйүнө 20, “Кыргыз Деңиз” санаторийине 48 адам, “Алтын Балалык” реабилитациалык борборуна 36 адам, Тамчы айылындагы турак үйгө 11 адам​ жайгаштырылды. 30у өз каалоосу менен туугандарынын үйлөрүнө кетишкен. Жалпысынан чек арадагы жаңжалдан улам үй-жайын таштап качкандардын 169у Ысык-Көлгө жеткирилди. Аларга жергиликтүү бийлик ысык тамак уюштуруп, элден чогулган жардамды таратып берүүдө.

ӨКМ кординациялоо иштерин жүргүзүп жатат.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да ушундай эле мазмунда Бишкекти айыптаган билдирүү жарыялаган. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (КЕ)

Дагы караңыз

Орус-казак чек арасында мобилизациядан качкандардын узун кезеги пайда болду Франкфуртта кыргызстандык жарандар тынчтык жүрүшкө чыгыштыЧек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктууОрусияда мобилизацияга каршы акцияларда 700дөн ашуун адам кармалды