Аймактык кыймылдын ыктыярчылары чек арадан өтүүнү тездетүү үчүн автобустарды, жамааттык таксилерди, жада калса велосипеддерди ижарага алууну уюштуруп жатканын "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" татар-башкыр кызматынын "Idel.Реалии" долбоору жазды. Орусиянын Астрахань облусунан орус-казак чек арасындагы “Караозек” көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өтүүнү каалагандар бул жерде үч күндөн бер узун кезек болуп жатканын айтышууда. Күбөлөрдүн айтымында, 23-сентябрдын кечинде чек арадан өтүү үчүн кезек күткөн унаалар 7 чакырымга чейин созулуп, өз кезегин 15 саатка жакын күтүшкөн.
Орусиянын визасыз өткөргөн мамлекеттер менен чек араларындагы узун кезек президент Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин пайда болду. “Караозек” көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өткөндөрдүн басымдуу бөлүгү Украинага жөнөтүү ыктымалдуулугу жогору болгон 18-50 жаштагы Орусиянын жарандары.
"24-сентябрь саат 16:00гө карата 6 чакырым узундуктагы машиналардын тыгыны пайда болду. Унаалар бир саатта 10 метрге жылып жатышты. Эгер азыр келип кезекке турам десе, көзөмөл-өткөрмө бекетке жетүү үчүн эки суткага чейин күтүш керек болот. Дүкөн көзөмөл-өткөрмө бекетинин жанында гана болгондуктан көбүрөөк суу, тамак-аш алып алууну кеңеш берет элем. Орусия тараптан чек арада паспорт, айып пул, карыздар бар-жогун гана текшерип, башка эч нерсе сурабай эле турат. Карызың жок болсо жөн эле өткөрүп жатат. Казакстан деле эч кандай маселе жок эле өткөрүүдө", - кезекте тургандардын бири.
Күбөлөрдүн айтымында, Астрахань облусу аркылуу жергиликтүүлөр гага эмес Москва, Ростов, Крым жана башка номурлуу машиналар дагы өтүүдө.
Активисттердин Free Kalmykia жана "Свободная Астрахань — Астрахань без войны" деген аталыштагы топтору социалдык тармактардагы баракчаларына чек арадан өтүүдө юридикалык жардам бере алышарын жазып жатышат. Жолго чыгуу үчүн каражаты жокторго интернеттен акча топтошууда. Ошондой эле мобилизациядан качкандарды чек арага жеткирү үчүн бир нече микроавтобус, такси уюштурушкан.
"Бизге автомобиль жууп, ашканада ашпозчу болуп иштеген, айлык акысы аз адамдар жазып жатышат. Жергиликтүү эсепти алганда деле алардын маянасы аз жана көптөрү насыя алышкан. Эмиграциянын өзү дайыма кымбат турат. Азыр суроо-талап дагы жогору болуп турганда аларга чын эле финансылык жактан жардам керек болууда. Жолго акча чогултуу кыйын, анткени барган сайын баа өсүүдө", - деген ыктыярчылардын бири.
21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.
Ушундан кийин өлкөдөн чыгып кетүү - аскер комиссариаттарынын чакыруусун алуудан качуунун эң ыңгайлуу жолу катары каралып жатат. Москвадан жакынкы, визасыз барчу өлкөлөргө, анын ичинде Стамбулга, Ереванга, Бакуга, Астанага, Ташкентке жана Бишкекке билеттер кескин кымбаттап кетти. Көпчүлүк каттамдарга билеттер калбай да калды.
Дагы караңыз
Франкфуртта кыргызстандык жарандар тынчтык жүрүшкө чыгыштыЧек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктууОрусияда мобилизацияга каршы акцияларда 700дөн ашуун адам кармалдыФутбол: Кыргызстан Орусияга утулду