Кыйноолорго каршы борбордун адистери Ырыс Жекшеналиевден кабар алышты

Ырыс Жекшеналиев сот залында.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери камакта жаткан активист Ырыс Жекшеналиевден кабар алышты.

Мекеме 23-сентябрда тараткан кабарга ылайык, Жекшеналиев 22-сентябрда кезектеги сурак учурунда кан басымы көтөрүлүп кеткенин айткан. Ал медициналык кароодон өткөнүн, омуртка жана жүрөк-кан тамыр оорулары дарылоону талап кылып жатканын билдирген. Камакта кыйноо же ырайымсыз мамилеге туш болгону тууралуу арызданган эмес.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козголгон. Сот чечими менен ал 14-октябрга чейин камалган. Өзү эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.

№1 Тергөө абагында отурган активист саламаттыгы начарлаганына байланыштуу 22-сентябрда менчик медициналык мекемеге алып келинип, текшерүүдөн өткөрүлгөн. (SE)

Дагы караңыз

Чек арада курман болгон кыргызстандыктардын саны 62ге жетти"Баткенге жардам": ыктыярчылардын иши мамлекетке өттүФутбол: милиция Кыргызстан-Орусия беттешине карата эскертүү жарыялады БУУ комиссиясы Украинадагы аскердик кылмыштар боюнча баяндамасын жарыяладыИран: Бийлик укук коргоочунун өлүмүнөн кийинки акцияларга каршы демонстрация уюштурду