Бишкек милициясы 24-сентябрда өтө турган Кыргызстандын жана Орусиянын футбол боюнча курама командаларынын жолдоштук беттешине карата эскертүү жарыялады.
Анда оюндун катышуучулары, күйөрмандар жана фанаттар коомдук тартипти сакташы керектиги, эгер улут аралык кастыкты козутуу жана башка кандайдыр бир чагымчыл аракет көрүү фактылары же ээнбаштык аныкталса, күнөөлүүлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жазага тартылары белгиленди.
Коопсуздукка коркунуч жараткан жагдай түзүлсө же шектүү буюмдар аныкталса, дароо 102 номуруна телефон чалуу керектиги эскертилди.
«Кыргызстан - Орусия» футбол беттеши Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 24-сентябрда кечинде өтөт. (RK)
Дагы караңыз
Кыргыз жана тажик ТИМ башчыларынын жолугушуусу өттүИран: Бийлик укук коргоочунун өлүмүнөн кийинки акцияларга каршы демонстрация уюштурду Баткен: Бийлик жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылуудаБУУ комиссиясы Украинадагы аскердик кылмыштар боюнча баяндамасын жарыялады