"Кыргызстандагы тажиктер" бирикмеси Дүйшөмбүнүн айткандарын төгүндөдү

Баткен районундагы Достук айылы кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы кагылышуудан кийин. 21-сентябрь, 2022. Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргызстандагы тажиктер" коомдук бирикмесинин биринчи вице-президенти Мавлянжан Абдураззаков Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргызстанда этникалык тажиктер кысымга кабылууда" деген маалыматын төгүндөдү. Ал 23-сентябрда "Азаттык" радиосуна комментарий берип, Дүйшөмбү тараткан билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтты:

"Тажик тектүүлөр коркутууга кабылып, басым өткөрүлүп жатканы тууралуу эч ким кайрылбады, факты жок. Чек арадагы кырдаалдан улам эл арасында чагым чыгып кетпесин деп той-зыяпаттарды токтотконбуз. Бүгүн-эрте кайра уруксат берилет. Дүкөндөр иштеп жатат, бирок спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салганбыз".

Абдураззаков Баткендеги чек ара аймактарынан качып келген айрым тургундарга Кадамжай районундагы Үч-Коргон кыштагында жашаган тажик тектүү эки үй-бүлө да башпаана бергенин кошумчалап, жергиликтүүлөр гуманитардык жардам уюштурууга да жигердүү катышканын белгиледи. Ал чек арадагы калаба кыргызстандык тажиктерди да ыңгайсыз абалга салганын айтып, чек араны аныктоо иштери тезирээк бир жаңсыл чечилсе экен деген тилегин билдирди.

22-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына Кыргызстанда тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты жүрүп жатканы тууралуу билдирүү жарыяланган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну чагым деп атаган.

Абдураззаковдун айтымында, Кыргызстанда 60 миңдин тегерегинде этникалык тажиктер жашайт. Алардын көбү Кадамжай районундагы Үч-Коргон кыштагын байырлашат. Тажик тилинде окуткан бир канча мектеп бар. Андан тышкары, Лейлек районунда жана өлкөнүн башка аймактарында да жашашат.

Кыргызстан 14-16-17-сентябрдагы чек арадагы кол салуудан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Бул маалыматты көз карандысыз булактан тактоого мүмкүн болбой жатат.

Бишкек менен Дүйшөмбү бул окуяда бири-бирин айыптап жатат. (SE)

Дагы караңыз

"Баары күйүп, күм-жам болду". Ак-Сайдын ыйы Баткенде жараат алгандар үчүн кан запасы топтолуп бүттүБаткенде жараат алган 198 адамдын 137си ооруканада жататЧек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат