Чек ара: Куралдуу кол салууга жеткен эскалация

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-тажик чегинде 14-17-сентябрда болгон окуялар эки өлкөнүн тарыхындагы эң масштабдуу куралдуу кагылышуу болуп калды. Эки тарапта тең ондогон киши мерт болду. Он миңдеген тургун үй-жайын таштап, качып чыкты. Адистер эки өлкөнүн чек арачыларынын кагылышуулары кооптуу тенденцияга айланып баратканын эскертүүдө. Мындай эскалацияны эмне менен түшүндүрсө болот?