Бишкектеги "Кудайберген" базарында чыккан өрттөн унаа тетиктерин саткан ондон ашуун контейнер күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, кырсык болгон жерде өрт өчүрүүчү беш бөлүм тартылып, тилсиз жоо 17:45те чектөөгө алынды.
Өрт базардагы контейнерлердин биринен тутанып, жанындагыларга жайылган.
ӨКМ алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок экенин, кошумча маалымат берилерин билдирди.
Бишкектин түндүк-батыш тарабында жайгашкан "Кудайберген" базарында негизинен автотетиктер сатылат. (КЕ)
Дагы караңыз
Жапаров Лукашенко менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө сүйлөштүПрезидент Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдүБишкектеги "Кудайберген" базарында өрт чыкты"Азаттык" радиосу Тажикстандын ТИМи тараткан маалыматты төгүндөйт