Президент Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. 22-сентябрь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Министрлер кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, Коопсуздук кеңешинин катчысынын катышуусунда Баткен облусундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, кеңешмеде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактагы талкаланган инфратүзүмдү калыбына келтирүү боюнча маалымат берилди.

Президент чек арага чектеш аймактардан эвакуацияланган тургундарына зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө, жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүгө жана толук кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын суук түшкөнчө кыска мөөнөттө курууга, социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүү тууралуу тапшырма берди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 14-17-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышууда Баткен облусунда талкаланган турак жайлардын саны 432ге жетти. Бул тууралуу аталган министрликтин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев 22-сентябрдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары аймактагы талкаланган турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелердин санын тактоону улантууда.

ӨКМ өкүлү жарылбай калган 78 снаряд табылып, алар сапёрлор тарабынан зыянсыздандырылганын кошумчалады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам мерт кеткени расмий кабарланды. 200дөй адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды.

Тажикстандын бийлиги 41 жараны мерт кеткенин 19-сентябрда расмий маалымдады. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 63 киши каза болгонун, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар талкаланганын жазды.

Бул маалыматтарды көз карандысыз башка булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек.

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арада болгон окуя тууралуу 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо. (КЕ)

Дагы караңыз

Москвада мобилизацияга каршы чыккандарга аскерге чакыруу берилдиБаткенден эвакуация болгон миңден ашуун адам Бишкекке жана Чүйгө жайгаштырылдыИранда нааразылык акциялары курчуган маалда Интернет өчүрүлдүБаткен: Үй-жайын таштап качкан 136 миң адамдын 5,5 миңдейи башка облустарга чыгып кеткен