Москвада мобилизацияга каршы чыккандарга аскерге чакыруу берилди

Москвадагы мобилизацияга каршы акция учурунда кармалгандар. 21-сентябрь, 2022-жыл.

Москва шаарында мобилизацияга каршы акция учурунда кармалгандардын айрымдарына полициянын бөлүмдөрүндө аскердик комиссариаттарга чакыруулар берилди. Бул тууралуу кармалгандар "ОВД-Инфо" укук коргоо борборуна кабарлашты.

"Яблоко" партиясынын мүчөсү Кирилл Гончаров митингден кийин Можайский районунда кармалгандар өздөрүнө келген чакыруунун сүрөтүн жарыялады. Кармалгандарга чакырууну алганы тууралуу кагазга кол койбогону үчүн кылмыш ишин козгой турганын айтып коркутушкан.

Соколиная районундагы милиция бөлүмүндө кармалып тургандардын биринин жубайы "Медиазона" басылмасына байланышып, анын күйөөсүнө аскердик комиссар жеке жолугуп, чакыруу бергенин айтты. Комиссар аны аскердик комиссариатка келиши керектигин эскертип, видеого да тартып алып кеткен.

Башка шаарлардан Воронежде да полиция мобилизацияга каршы чыккандардын айрымдарына 23-сентябрга аскердик комиссариатка чакыруу беришкен. Андагы чакырууларды да "ОВД-Инфо" жарыялады.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.

Буга байланыштуу шаршемби күнү кечинде Орусиянын 38 шаарында нааразылык акциялары өтүп, 1400 адам кармалган. Кармалгандардын көбү Москвага жана Санкт-Петербург шаарларына туура келет. Аталган шаарларда полиция митингчилерге катуу чара көрүп, аларды желим куралдар менен сабады жана тизелетип, чөгөлөттү. Кармалгандардын арасында жабыркагандар да болду. (ErN)

Дагы караңыз

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулатБаткенден эвакуация болгон миңден ашуун адам Бишкекке жана Чүйгө жайгаштырылдыИранда нааразылык акциялары курчуган маалда Интернет өчүрүлдү"Болотко боштондук!". Журналисттин соту жылдыБаткен: Үй-жайын таштап качкан 136 миң адамдын 5,5 миңдейи башка облустарга чыгып кеткен