Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда качкан үч келин көз жарды

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин 21-сентябрдагы маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда эвакуацияланган үч келин көз жарды.

Кадамжай райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Мирлан Эназаров учурда энелердин жана ымыркайлардын саламаттыгы жакшы экенин билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам мерт кеткени расмий кабарланды. 200дөй адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды. Алардын дээрлик бардыгы качып чыкканда кийип чыккан кийиминен башка буюм-тайымы калбаганын айтып жатышат.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн 19-сентябрда расмий билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды. Жарадар болгондор жана талкаланган турак жайлар тууралуу тажик бийлиги маалымат бере элек.

Көз карандысыз булактардан бул тууралуу тактоого мүмкүн болбой жатат.

Бишкек соңку окуяны Тажикстандын "чыккынчылык менен кол салуусу" катары мүнөздөдү. Дүйшөмбү ага чейин Кыргызстанды "куралдуу агрессияга" айыптаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Чек ара кызматы Баткен облусунда ок атылганы тууралуу маалыматты четке кактыВилли Брандт тууралуу китеп кыргыз тилине которулдуКыргызстан Тажикстанды кырдаалды курчутпоого чакырдыКазакстан: Кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленди