Орусия Украинадагы жоготуулары жөнүндө жаңы маалымат таратты

Украина.

Орусия Украинага кол салган жети айдан бери экинчи жолу жоготуулары тууралуу расмий жарыялады. Өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу 21-сентябрда Украинада 5937 орус аскери каза болгонун билдирип, “Украина менен эле эмес, эми жалпы Батыш менен согушуп жатабыз” деп айтты.

Согуш башталган 24-февралдан бери орус бийлиги жоготуулары тууралуу март айында гана бир жолу маалымат берип, 1351 аскери каза болгонун жарыялаган.

Украина жалпысынан 55 миңден ашуун орусиялык аскер өлтүрүлгөнүн айтууда. (RK)

Дагы караңыз

Чек ара: тынчтык протоколу, элдин мүдөөсү Сот Туйгунаалы Абдраимовду күнөөлүү деп тапты жана айыппул салдыИранда укук коргоочунун өлүмүнөн кийин каршылык акциялар тутанды 14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалдын курмандыктары