Чек арадагы куралдуу жаңжалда жоголгон документтер бекер калыбына келтирилет

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы турак үйлөрдүн көбү талкаланып, өрттөлгөн. 14-17-сентябрь. 2022

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда күйүп кеткен, жоголгон документтерди калыбына келтирүү иштеринин жадыбалы түзүлдү. Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандардын документтери акысыз калыбына келтире турганын 21-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, Калкты тейлөө борборунун, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жана Баткен, Кадамжай райондорунун Калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган мобилдик топ айылдарга барып, 1-октябрга чейин тактоо иштерин жүргүзө баштайт.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Баткен облусунда 14-17-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышууда алгачкы эсеп боюнча 364 турак жай жабыркаганын кабарлаган. Алардын арасында турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелер бар.

Талкаланган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Аны жетектеген Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" комиссия ишин баштап, жаңжалда келтирилген чыгымды эсептеп жатканын билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам мерт кеткени расмий кабарланды. 200дөй адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды. Алардын дээрлик бардыгы качып чыкканда кийип чыккан кийиминен башка буюм-тайымы калбаганын айтып жатышат.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн 19-сентябрда расмий билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 61 адамдын тизмесин чыгарды, тажик айылдарында да өрттөлгөн, талкаланган үйлөр бар экенин жазды.

Жарадар болгондор жана талкаланган турак жайлар тууралуу расмий Дүйшөмбү маалымат бере элек. Көз карандысыз булактардан бул тууралуу тактоого мүмкүн болбой жатат.

Бишкек соңку окуяны Тажикстандын "куралдуу агрессиясы, чыккынчылык менен кол салуу" катары мүнөздөдү. Дүйшөмбү ага чейин Кыргызстанды "куралдуу агрессияга" айыптаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Сот Туйгунаалы Абдраимовду күнөөлүү деп тапты жана айыппул салдыИранда укук коргоочунун өлүмүнөн кийин каршылык акциялар тутанды Чек арадагы каргашанын зыянын жоюуга 497,6 миллион сом бөлүндүПутин Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялады