Сот Туйгунаалы Абдраимовду күнөөлүү деп тапты жана айыппул салды

Туйгунаалы Абдраимов

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Кылмыш жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен күнөөлүү деп табылып, 2 миллион сом айыппул салынды. Мындай өкүмдү 21-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганы расмий кабарланды.

Маалыматты Абдраимовдун адвокаты Самарбек Болотбеков "Азаттыкка" ырастады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Абдраимовду быйыл 30-апрелде кармаган. Ал "БШКны жетектеп турган учурунда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин мажбурлап, 11,2 гектар таштанды талаасын өзүнө таандык "Кайнар" ишканасынын карамагына бекер өткөрүп алган" деп айыпталган.

1-июлда үй камагына чыгарылган. УКМК муну ал келтирилген зыяндын ордун толтурганы менен түшүндүргөн.

Туйгунаалы Абдраимов 2005-2006-жылдары жана 2011-2016-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган. 2007-2010-жылдары Саламаттык сактоо министрлигин жетектеген. 2018-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалып, бул кызматта бир жылга жакын иштеген. (SE)

Дагы караңыз

Чек арадагы каргашанын зыянын жоюуга 497,6 миллион сом бөлүндүУкраинада контрчабуул жайлады, жикчилдер референдум дайындадыПутин Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяладыNext TV телеканалынын директору шарттуу түрдө үч жылга соттолду