Чек арадагы каргашанын зыянын жоюуга 497,6 миллион сом бөлүндү

Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Ак-Сай айылындагы өрттөнүп, короосунун дубалы кулаган үй. Сүрөт 20-сентябрда тартылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы каргашанын зыянын жоюуга бюджеттен 497,6 миллион сом бөлүнүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга берилди.

Кыргызстандын Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Талас Айдарбек уулу Улуттук телерадиокорпорациянын (УТРК) эфиринде билдиргендей, бул каражат күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармекке жумшалууда.

"Министрлер кабинетине жабыр тарткандарга турак жайларды куруп берүү, тамак-аш, кийим-кече, дары-дармек менен камсыздоо, жаңы аскердик жана социалдык объектилерди куруу тапшырмасы берилген. Буга бюджеттен кошумча каражат зарыл болууда. Финансы министрлиги жарлыкты аткаруу максатында кошумча булактарды издеп жатат", - деди Айдарбек уулу.

Чек арадагы куралдуу жаңжалга байланыштуу Кыргызстандын Каржы министрлиги атайын эсеп да ачкан. 21-сентябрдагы түшкө чейинки маалыматка караганда, ага 197 миллион сом чогулду. Министрликтин басма сөз кызматы бул каражат коротула электигин "Азаттыкка" билдирди.

14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Баштапкы эсепке ылайык, талкаланган турак жайлардын, социалдык объектилердин саны 300дөн ашат.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 59 адамдын тизмесин чыгарды. Жарадар болгондор жана талкаланган турак жайлар тууралуу тажик бийлиги маалымат бере элек. Көз карандысыз булактардан муну тактоого мүмкүн болбой жатат.

Кыргызстан жана Тажикстан соңку окуялар үчүн бири-бирин айыптаган билдирүү таратышты. (SE)

Дагы караңыз

Депутат Акаев Эл аралык кылмыш сотунун келишимин ратификациялоону тездетүүгө чакырды Баткен: үй-жайы күйгөн Зайна эненин ыйы менен муңуПрокурор журналист Болот Темировду беш жылга соттоону сунуш кылды