Алматыда каракалпакстандык активисттер 40 күнгө камалды

Нукустагы демонстрацияга чыккандар. 1-июль, 2022-жыл.

Казакстанда кармалган үч каракалпакстандык активистти Алматы соту 40 күнгө камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратбай билдирди.

"Азыр Кошкарбай Торемуратов менен Жангельды Жаксымбетов Алматынын убактылуу кармоочу жайында. Ал эми Раиса Кудайбергенованы Конаев шаарындагы тергөө абагына алып кетишти",-деди Муратбай.

Анын айтымында, 55 жаштагы Кудайбергенова экинчи топтогу майып. Өткөн жумада Алматыда каракалпакстандык активиттер кармалышкан. Алар "Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө доо келтирүүгө аракет кылышкан" деп шектелип жатканы маалымдалды.

Каракалпак диаспорасынын эсебинде, активисттердин камалышы Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун октябрда өтө турган адам укуктарына арналган жыйынына байланыштуу.

Маалыматка караганда, Торемуратов ал жакка барып Өзбекстанга караштуу Каракалпакстан жумуриятанда июль айында болгон окуялар тууралуу айтып берүүнү көздөп жаткан.

1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жөн-жай киши, 4 тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгогон. Европа Биримдиги, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), бир катар укук коргоочу уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров алдын ала эсеп боюнча Баткенде 282 объект талкаланганын билдирдиПутин Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери менен чек арадагы кырдаалды талкуулады Чогуу кызмат өтөгөндөрдү калкалап жатып курман болгон Мурзаевдин сөөгү жерге берилди