Армения менен Азербайжандын башкы дипломаттары жолугушту

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен. 19-сентябрь, 2022-жыл. Нью-Йорк.

Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери 19-сентябрда Нью-Йоркто жолугушту.

Бул эки тараптан 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Тоолуу Карабактагы соңку кагылышуудан кийинки кошуна мамлекеттердин дипломаттарынын алгачкы жолугушуусу болду.

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовдун сүйлөшүүсүн БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен уюштурган.

Жолугушуунун алдында Байрамов анын мамлекети "АКШ менен алакасынын деңгээлине канааттанарын", бирок Мирзоян менен түз сүйлөшүүдө адаттан тыш эч нерсе болбогонун билдирди.

Армения өткөн жумадагы чек арадагы кагылышууда 207 киши курман болгонун же дайынсыз жоголгонун билдирди. Алардын арасында эки карапайым тургун бар экени маалымдалды.

Андан тышкары 300дөй аскер жана бир нече жайкын тургун жарадар болгону, 20дай аскер туткунга түшкөнү Армениянын Коопсуздук кеңешинин 19-сентябрдагы жыйынында айтылды.

Баку 79 аскерин жоготконун маалымдады.

18-сентябрда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси Ереванга барып, куралдуу кагылышуу тутанганы үчүн Азербайжанды айыптады.

Баку бул дооматты кабыл алынгыс деп четке какты.

Дагы караңыз

10 миңдей этникалык кыргыз документ ала албай жүргөнү парламентте айтылдыТИМ Тажикстандын билдирүүсүн чагым катары бааладыХаныша Елизавета экинчинин сөөгү жерге берилди