Луганскиде жикчилдер ЕККУнун кызматкерин 13 жылга кести

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Украинадагы миссиясынын кызматкерлери.

Украинанын чыгыштагы облусунун аймагында өздөрүн “Луганск Элдик Республикасы” (“ЛЭР” – “ЛНР”) деп жарыялап алган жикчил түзүмдүн Жогорку соту Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) миссиясынын кызматкерин 13 жылга кести. Ал мамлекеттик чыккынчылык жана АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы (ЦРУ) менен кызматташкан деп айыпталган.

Соттук өкүм тууралуу жикчилдер башкарган Луганск маалыматтык борбор кабарлады. Соттолгон адам Дмитрий Шабанов аттуу Украинанын жараны экени маалымдалды. Ал согуш башталган февралдан кийин кармалган ЕККУнун алты өкүлүнүн бири. Алардын үчөөнү, анын ичинде Шабановду жикчилдер дале камакта кармап келишет.

Июлда Дмитрий Шабановду Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынан көрсөткөн. Кабарлардын чыгарылышында ал күнөөсүн моюнуна алганы көрсөтүлгөн. Бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес. Украинанын чыгышындагы жикчил түзүмдөрдө кармалгандардын өзүн-өзү коргоо укугу сакталбай келет.

ЕККУ өз билдирүүлөрүндө Шабановго тагылган айыптар негизсиз жана ойдон токулганын маалымдаган. Уюмдун өкүлү Politico басылмасына берген маегинде, Луганск жана Донецк облустарындагы жикчил түзүмдөрдө эл аралык уюмдардын миссияларынын кызматкерлеринин кол тийбестик макамы сакталбай жатканына өкүнөрүн билдирген.

Февралдан кийин ЕККУ Украинадагы ок атышууну токтотуу режимине көз салган атайын мониторинг миссиясынын 500дөн ашык байкоочусунун дээрлик баарын чыгарып кеткен. Жергиликтүү кызматкерлер менен келишимдер үзүлгөн. (ErN)

Дагы караңыз

Баткен: Жараат алган 164 адамдын 12си балдар Иманкулов: чек арада 40 аскер кызматкери курман болду БДК: Сохтон коридор берүү чечими жарандардын өмүрүн сактап калууга салым кошту Баткенге жардам катары 70 миллион сомдон ашык каражат чогулдуЧогуу кызмат өтөгөндөрдү калкалап жатып курман болгон Мурзаевдин сөөгү жерге берилди