Президент Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь өлкөдө Улуттук аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу президенттин расмий сайты жазды.
Улуттук аза күтүү күнүндө өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу түшүрүлөт. Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталат.
Кыргызстандын расмий билдирүүсүнө караганда, "16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 36 адамга жетти, алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз". 134 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда.
Расмий Дүйшөмбү кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон кагылышууларда тажик тарапта 39 киши мерт болгонун, алардын арасында жайкын тургундар бар экенин жазды. Тажик бийлиги муну ырастап же четке кага элек.
Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого да мүмкүн боло элек.
Дагы караңыз
ИИМ: Баткендин Төрт-Көчө аймагындагы жолдор ачыкЧек арада окко учкан Бекмырза Шарабидин уулунун сөөгү жерге берилдиКөк-Таш—Ак-Сай—Тамдык жолундагы көпүрө жардырылганы кабарландыЧек арада окко учкан Эламан Ураимовдун сөөгү Савайга коюлдуЧек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркагандар үчүн 17,4 миллион сом чогулдуЧек ара жаңжалында жаракат алгандардын саны 134 адамга жетти