Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 17-сентябрга карата жалпы 5034 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Эвакуация болгондор ичинен 92 адам убактылуу жайгашуу пунктуна, калган 4942 жаран жакындардыкына жайгаштырылды.
"Чоң-Алай району боюнча эвакуациялоо иш-чараларына Жарандык коргонуу кызматтарынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жалпы 185 кызматкер, 12 техника жана ошондой эле жергиликтүү тургундардан 673 жаран, 149 техника тартылган" - деп билдирди ӨКМ.
Бүгүн, 17-сентябрда түштөн кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Тажикстан тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачылардын позициясын жана Баткен районундагы Паскы-Арык жана Достук айылдарын аткылаганын маалымдаган.
Тажикстандын Чек ара кызматы 17-сентябрда "Душанбе", "Сархадчи", “Лахш” тозоттору кыргыз тараптын ок атуусуна кабылганын билдиргенин "Озоди" радиосу жазды.
16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду. Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматында чек арадагы куралдуу кагылышта 121 адам жараат алган.
Тажик тарап жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазган. "Озоди" "Азия Плюс" маалымат агенттигине таянып, ондон ашык киши өлгөнүн, бирок маалыматты тажик бийлиги ырастабай жатканын билдирди. Маалыматты көз карандысыз башка булактар тактай элек. (BCh)
Дагы караңыз
Алимбаев ок атышууну толук токтотуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирдиКыргызстандын Чек ара кызматы Достук айылы минометтук аткылоого кабылганын билдирди Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулатЧек ара чатагы: кыргыз-тажик чек ара башчылары телефондон сүйлөштү