Активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу эркиндикке чыкты.
Бул тууралуу активист Эрлан Бекчоро уулу «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Тилекмат Кудайберген уулу Молдовановка айылындагы 27-түзөтүү колониясынан 17-сентябрда кое берилген. Аны жакындары, санаалаштары тосуп алды.
Бийлик сындап келген активист Тилекмат Кудайберген уулун Бишкектин Свердлов райондук соту былтыр 20-августта Тилекмат Кудайберген уулун күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Сот залынан камакка алынган активист өзүнө тагылган айыпты моюнуна албай турганын билдирген. Андан бери ал абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.
Кудайберген уулу Жетим-Тоону иштетүүгө жана 2021-жылдагы Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы акцияларды уюштуруп жүргөн.
Дагы караңыз
Кыргызстандын Чек ара кызматы Достук айылы минометтук аткылоого кабылганын билдирди Кадамжайга эвакуацияланып келген эки келин төрөдүКыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу эл аралык уюмдар жана бир катар өлкөлөр билдирүү жасадыБаткенде дагы ок атылды