Улуттук телерадиоберүүлөр корпорациясынын Котормо студиясынын продюсери Мырзакул Мамбеталиев 63 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Маркумдун жакындарынын айтуусунда ал бүгүн, 17-сентябрда көз жумган.
Белгилүү тележурналист Мырзакул Мамбеталиев 1959-жылы 20-февралда Чүй облусунун Кош-Коргон айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
1981-жылдан бери өлкөнүн башкы каналында алгач катардагы кабарчы болуп, кийин "Ала-Тоо" студиясында, андан кийин социалдык-экономикалык студиясында продюсер болуп иштеген.
Улуттук каналдын вице-президенти кызматын аркалап турган.
Өмүрүнүн аягына чейин Котормо студиясын жетектеген.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгынын урматына, 2022-жылы Мамлекеттик жогорку сыйлык - "Даңк" медалы менен сыйланган.
Дагы караңыз
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу эл аралык уюмдар жана бир катар өлкөлөр билдирүү жасадыБаткенге жардам чогултуу улануудаБаткенде дагы ок атылды