Иранда аялдардын укугун коргоп келген Махса Амини каза болду

Махса Амини.

Укук коргоочу Махса Аминини Тегерандын адеп-ахлак полициясы 13-сентябрда көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн кармаган эле. Күбөлөрдүн айтуусунда, полиция аны катуу сабаган. Кармалгандан бир нече сааттан кийин ал жоготкон билбеген ооруканага жеткирилген.

16-сентябрда анын каза болгону кабарланды. Тегеран полициясы 22 жаштагы укук коргоочу жүрөгү кармап көз жумганын маалымдады.

Махсанын жакындары анын жүрөгү эч качан оорубаганын, саламаттыгы чың болгонун айтышууда.

Байкоочулар акыркы убактарда Иранда эскичил режимге каршы чыккандарды репрессиялоо күчөгөнүн айтышууда. Алардын ичинде саясий активдүүлүккө тиешеси болбогондор, мисалы, ойноштук кылганда жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонгон учурда да өлүм жазасына тартылары айтылат.

Дагы караңыз

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулатКыргыз-тажик чек ара башчылары чагымды, ок атууну токтотууну сүйлөштүУКМК тажик жарандары өз үйлөрүн өздөрү өрттөп жатканын кабарлады Баткен: чек арадагы кагылышта кеминде 24 адам мерт болдуЧек арада кеминде 24 киши мерт болду, 87 адам жарадар "Чек арадагы жаңжалга чоң оюнчулар кызыкдар болушу мүмкүн"БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Баткенге гумжардам жөнөтөтОрусиянын тергөө абактарында миңге чукул кыргыз жараны отурат