16-сентябрда президент Садыр Жапаров Баткендеги Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, анда чек ара аймагында жашаган тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу, жабыркаган жана эвакуацияланган адамдарга жардам көрсөтүү тапшырмасы берилди.
Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы “тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды” деп кабарлаган.
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 59 адам жараат алып, Лейлек районундагы Достук айылында 15 жаштагы кыз каза болду.
Тажикстандагы “Ховар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат төрттөн тартып “Дүйшөмбү” чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды.
Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып билдирди. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.
16-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон чек арада ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашкан. Эки өлкөнүн жетекчилери Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтында жолугушкан.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Тажикстан ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузуп, Лейлек районуна караштуу Кулунду жана Жаңы Жердеги калктуу конуштарды кайрадан аткылап жатканын билдирген.
“Ховар” агенттиги Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берип Кыргызстан биринчи ок чыгарып, Баткен районунун борборунан чек арага жакын аймактарга кошумча аскер күчтөрүн жана техникасын тартып жатканын билдиргенин жазды.
Дагы караңыз
Кыргыз тарап Тажикстан чек арада кайра ок чыгарганын билдирдиЧек арада каза болгондор боюнча маалымат такталып жатканы кабарландыУкраина Харьковдо 421 конуш орус аскерлеринен бошотулганын кабарладыКадамжай: Чек арадан эвакуацияланган элди жайгаштыруу улануудаДостук айылында снаряддын чачырандысы тийген өспүрүм кыз каза болду