Чек арада каза болгондор боюнча маалымат такталып жатканы кабарланды

Кыргыз-тажик чек арасы. Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган сүрөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Баткендеги кыргыз-тажик чек чатагында 15 жаштагы кыздын каза болгонун тастыктады.

“Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматтарга караганда, каза болгон учурлар дагы бар, алар боюнча маалымат такталууда. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик саат 18:00гө карата чек арадагы куралдуу кагылышта жараат алгандардын саны 55ке жеткенин маалымдады. Алардын үчөө амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Алардын көбү денесине ок тийгендер жана жарылуудан жараат алгандар. Жалпы жабыркагандардын ичинен жетөө аял, беши балдар. Баткен облустук бириккен ооруканасында 23, Лейлекте 22, Кулундуда үч, Улуттук госпиталда үч, Улуттук хирургия борборунда бир бейтап дарыланып жатат.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал саат 18:30га карата чыңалган бойдон турганын маалымдады. Мекеме Тажикстан ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузуп, Лейлектин Кулунду жана Жаңы Жердеги калктуу конуштарды кайрадан аткылап жатканын кабарлап, “тажик тарап Баткен районунда ракеталык системаны колдонду” деп айыптады. Азырынча Тажикстандын расмий органдары айыптоолорго жооп бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы “тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды”, - деп кабарлаган.

Тажикстандагы “Ховар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат төрттөн тартып “Дүйшөмбү” чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып билдирди. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

16-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон чек арада ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашкан. Эки өлкөнүн жетекчилери Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтында жолугушкан.

Ага чейин Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу жөнүндө Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшкөнүн кабарлаган. Ал атышуу 1-2 саатта толук бойдон токтотуларын айткан болчу.

Дагы караңыз

Кыргыз тарап Тажикстан чек арада кайра ок чыгарганын билдирдиДостук айылында снаряддын чачырандысы тийген өспүрүм кыз каза болдуТүрк мамлекеттери уюму кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга кабатырСадыр Жапаров чек арадагы кырдаал боюнча Эмомали Рахмон менен жолукту