Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) баш катчысы Багдад Амреев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышууларга кабатырлыгын билдирди.
Баш катчы билдирүүсүндө тараптарды ок атышууну токтотууга жана чатакты тынч сүйлөшүп, дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.
Уюм эл жашаган аймактарды жана жарандык обьекттерди, мектептерди оор согуштук артиллерия менен аткылоону жана баскынчылыкты айыптады. Билдирүүдө уюм кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга кылдаттык менен көз салып, ТМУнун негиздөөчүсү - Кыргызстандын тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүү аракеттерин колдоого аларын белгиленген.
Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.
Кыргызстандын Чек ара кызматы "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген.
Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.
Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз тарап ок атууну токтотконун, чек арадагы кырдаал саат 17:00гө карата дагы эле чыңалган бойдон калып жатканын кабарлаган.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрда саат 15:00гө карата берген маалыматы боюнча Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандардын саны 42 адамга жетти.
Аткылоо учурунда качып бараткан жеринен 15 жаштагы кызга снаряддын чачырандысы тийип, каза болгонун кыздын атасы "Азаттыкка" тастыктады. Бул боюнча расмий маалымат бериле элек.
Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.(ZKo)
Дагы караңыз
Достук айылында снаряддын чачырандысы тийген өспүрүм кыз каза болдуСадыр Жапаров чек арадагы кырдаал боюнча Эмомали Рахмон менен жолуктуЧек ара чатагы: кыргыз тарап ок атууну токтотконун кабарладыПанниер: ШКУда чек ара чыры талкууланбайт...Ташиев тараптар ок атышууну толук токтотууну сүйлөшкөнүн билдирди“ЛЭР” жикчил аймагынын прокуратурасында жардыруу болду