Чек ара чатагы: кыргыз-тажик тарап жолугушууда

Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган күз түзүмдөрүнүн башчылары Тажикстандын расмий өкүлдөрү менен жолугушууда.

Президенттин Баткен облусунун өкүлчүлүгү жолугушуу Кыргызстан-Өзбекстан-Тажикстан аймагында өтүп жатканын кабарлады.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы саат 14.00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын кабарлады.

"Тажик аскерлери Баткен районуна караштуу Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алды. Тажик тарап калк жашаган конуштарды аткылап жаткандыктан ага жооп кайтарылып жатат. Кагылыштын жүрүшүндө кыргыз чек арачылары Тажикстандын "Ляккан" жана "Богдари" чек ара бекеттерине сокку уруп, бир топ аскердик оор техникасын керектен чыгарды. Тажик тарап жайкын тургундарды "тирүү" калкан катары колдонуп жаткандыктан жарандар арасында жоготуулары көп", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Буга байланыштуу тажик тарап азырынча комментарий бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда саат 13.00гө карата жалпысынан бери дегенде 31 адам жараат алып ооруканага түшкөнүн, алардын абалы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

Буга чейин УКМКны төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүп жатканы кабарланган жана анын жыйынтыгы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

Дагы караңыз

Оппозиция чек ара чатагы учурунда бийликти колдоого чакырдыУКМК тажик тарап Достуктагы мектепти ээлеп алганын кабарлады Чек арадагы соңку жагдайга байланыштуу медиа штаб түзүлдү