“Акысыз укуктук жардамга” кайрылгандардын көбүн аялдар түздү

Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында 2022-жылдын май-август айларында уюштурулган “Акысыз укуктук жардам” акциясында 1600дан ашуун тургунга юристтер кеп-кеңеш беришти. Кайрылгандардын 58% аялдар түздү.

Аталган акция USAID уюмунун “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Аталган уюмдан кабарлашкандай, акция Жалал-Абаддын Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука райондорунда, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунда ишке ашырылды.

Адистер тобу 53 муниципалитетте иштешти. Элге укуктук жардам көрсөткөн адистердин ыкчам тобуна түрдүү министрликтердин, мекемелерди, “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмеси юристтери киришти.

Адистерден кеп-кеңеш сурагандардын 60 пайыздан ашыгы үй-бүлөлүк маселелерди (алимент, социалдык жөлөкпул ж.б.), 30% жер, мүлк укугугуна байланыштуу көйгөйлөрдү айтышкан.

USAID миссиясынын Демократияны жана башкарууну өнүктүрүү департаментинин директору Ноэль Бауэр жарандарга укуктук жардам берүү боюнча Кыргызстандын бийлиги менен чогуу аракеттер улана турганын белгиледи.

"Жигердүү жарандар" долбоорун USAID каржылап, FHI 360 жана Кыргызстандагы өнөктөш уюмдар аркылуу ишке ашырылат.