14-сентябрда Казакстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытайдын лидери Си Цзиньпин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Акордонун маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда Си Цзиньпин кытай бийлиги Казакстан менен мамилесине өзгөчө көңүл бурарын айтты.
Ал "эл аралык конъюнктура кайсы жагына өзгөрбөсүн Бээжин Казакстандын эгемендигин, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн чечкиндүү колдоону" улантарын билдиргенин расмий басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн дипломаттык алака-катышынын 30 жылдыгына карата чогуу билдирүүгө кол коюшту.
Расмий маалыматка караганда, Кытай Казакстандын экономикасына ондогон миллиард доллар инвестиция салган. Анын ичинде Казакстан Бээжиндин инфраструктуралык "Бир алкак - бир жол" долбоорунун башталгыч аянтчасы болгон. Эксперттер Кытайды Казакстандын жаратылыш ресурстары кызыктырарын айтышат. Казакстан Кытайга мунай, газ жана уран сатат.
Эки лидер 15-16-сентябрь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Өзбекстандын Самарканд шаарындагы жыйынына катышат.
Дагы караңыз
Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынчТажикстанда чек ара чырында эки аскер каза болгону кабарландыЧек ара чатагында жараат алган 11 жаштагы баланын абалы орточо оор экени айтылдыБашкы прокуратура: Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына 32 иш козголду"Кумтөр" чыры: Тенгиз Бөлтүрүк эки айга камалды"Жоламан үчүн ата конуштан жер которгонбуз". Дүйнө чемпиону жеткен ийгилик Чектөөлөр менен коштолгон Самарканддагы ШКУ саммити