Баткен жана Согд облустарынын башчылары Достук айылына келди

Кыргызстандын президентинин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажистандын Согд облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода.

Кыргызстандын президентинин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажистандын Согд облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода Баткендин Достук айылына келишти. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

“Учурда эки тараптын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте ок атышуу катталган Достук айылында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында атышуу башталганын билдирген. Анда тажик чек арачылары "Достук" бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганы, кыргыз тарап ага жооп бергени айтылат. Тажикстан буга байланыштуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Мунун алдында Чек ара кызматы 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка ("Капчыгай" чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын "Кех" бекетинин чек арачылары куралчан кирип келгенин билдирген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Кыргыз тараптын билдиришинче, "тажик чек арачылары миномет" колдонгон. Соңку маалыматтарга караганда кыргызстандык эки жоокер жарадар болду.

Тажикстандагы "Хобар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган. "Озоди" өз булактарына таянып бир жоокер мерт болуп, эки жаран жараат алганын билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараптар Булак-Башыда ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүп жатканын, кырдаал чыңалып турганын билдирди.

Булак-Башы аймагында чек арада соңку ирет 14-июнь күнү таңга жуук ок атылган. Буга байланыштуу тараптар бири-бирин күнөөлөгөн. Тажик тарап бир жараны жараат алганын билдирген.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан сырткары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар.

Кыргыз-тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырым. Анын 664 чакырымы такталганын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Тактала элек тилкеде тынымсыз жаңжал чыгып турат. (TSh)

Дагы караңыз

Достуктагы аялдар жана балдар коопсуз жайга чыгып кеттиИИМ Руслан Бекназаров милицияга суракка чакырылганын ырастады Кыргыз-тажик чек арасы: Как-Сай аймагында ок атышуу токтоду Оппозиция Кумтөр боюнча комиссияны жетектөөнү сунуштадыТажикстанда мурдагы чекист Мавлоназаров жети жылга кесилди