Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан экстремизмге байланыштуу милицияга суракка чакырылганын бышыктады.
"ИИМдин Тергөө кызматы социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. Мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбукта Кыргызстандын аймагында ишмердигине тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин "экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси менен катталган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган жаран Р.Б. ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды", - деп айтылат милиция тараткан маалыматта .
ИИМ Руслан Бекназаровдун сурагы аяктап, аяктабаганын тактаган жок.
Руслан Бекназаров Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан жана бул кызматка ушул жылдын июнь айында дайындалган. Ал 2019-2020-жылдары президенттин аппаратында иштеген. Ага чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.
Соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан.
Азимбек Бекназаров өткөн аптада Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулушуна Кумтөргө байланыштуу маеги себеп болгонун билдирген.
Ал иштен алынганы үчүн өлкө жетекчилигине таарынычы жок экенин, алгач элчилик ишине сын айтылган оозеки аныктама кийин аны жумуштан алуу тууралуу расмий жарлыкта көрсөтүлбөгөнүн белгилеген.
Президент Садыр Жапаров Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулганы тууралуу жарлыкка кол койгонун президенттин басма сөз кызматы 5-августта билдирип, "мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды" деп маалымдаган.
Жогорку Кеңештин депутаты, башкы прокурор, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматтарын аркалап келген Бекназаров Малайзияга элчи болуп 2019-жылдын декабрында дайындалган.
Быйыл 3-августта анын кыргыз өкмөтү Кумтөр кени боюнча жаңы келишимде утулганы тууралуу пикирин билдирген маеги жарыяланган. Анда ал Кыргызстан канадалык "Центерра Голд" компаниясына коррупциялык схемалардан улам күнөө кое албаганын, экологиялык доодон баш тартканын "утулуу" катары сыпаттаган.
Дагы караңыз
Кыргыз-тажик чек арасы: Как-Сай аймагында ок атышуу токтоду Достуктагы аялдар жана балдар коопсуз жайга чыгып кеттиОппозиция Кумтөр боюнча комиссияны жетектөөнү сунуштадыБаткен: кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы аймагында ок атылды Акылбек Жапаров: Бөлтүрүк тууралуу акыркы чечимди сот чыгарат Бекешов парламентте "Кумтөрдөгү" коррупцияны талкуулоону сунуштады